Abank
SerepTV Logo

Кыргызстандык окуучу Балкан олимпиадасында күмүш медалга ээ болду

Кыргызстандык окуучу Балкан олимпиадасында күмүш медалга ээ болду

Физика-математикалык №61 мектеп-лицей окуу комплексинин окуучусу Фёдор Корнияш өспүрүмдөр арасындагы XXVI Балкан математикалык олимпиадасында күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Аталган олимпиада 28-июндан 3-июлга чейин Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында өтүп, ага 18 өлкөдөн 108 окуучу катышкан. Кыргызстандын командасы өспүрүмдөр арасындагы Балкан математикалык олимпиадасына биринчи жолу катышып, команданын курамына төмөндөгү окуучулар кирди:
1. Фёдор Корнияш - физика-математикалык №61 мектеп-лицей;
2. Абдумалик Турсунов - Келечек-MIT;
3. Сейит Рыскулов - Газпром-Кыргызстан мектеби; 4. Нурсултан Эшперов - Газпром-Кыргызстан мектеби. Окуучуларды олимпиадага математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.