Кыргызстандык кыз Крымга келип Владимир Путин менен баарлашты (видео)
Кыргызстандык Чынара Тилекматова Крымга келип Владимир Путин менен баарлашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Чынара Тилекматова аттуу кыргызстандык кыз Крымга "Большая перемена" долбоорунун "Здравствуй, Россия!" программасынын алкагында барган. Орусиянын президенти Владимир Путин менен онлайн баарлашууда ал өзү тууралуу кыскача айтып берген. "Мен Бишкектен келдим. Менин алдыга койгон 3 кыялым бар. Биринчиси мен сиз менен таанышып, баарлашууну кыялданчумун. Экинчиси Орусиядагы эң мыкты университетке тапшыруу. Үчүнчүсү "Артекке" (эл аралык балдар лагери) баруу. Менин биринчи кыялым орундалып, сиз менен жолуктум. Орусиялык ЖОЖдордо окуу биздин үй-бүлө үчүн салтка айланган. Мен дагы ошол салтты улагым келет", - деген Чынара. Мекендешибизге жооп катары Владимир Путин "Бизге сендей таланттуу, ийгиликтүү кыздар керек. Куш келипсиң" деген.