Коронавирус жоголо элек. Өткөн аптада 29 адамдан илдет аныкталды
20-26-июнда өлкөдө COVID-19ду жуктуруу учурларынын саны өткөн жумага караганда 22ге көп катталган. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Ошол эле учурда коронавирус инфекциясын жугузуунун жаңы учурларынын көпчүлүгү Бишкек шаарында аныкталган.
"6-13-июнда COVID-19дун 12 жаңы учуру катталган. Анын ичинде Бишкек шаарында, Чүй жана Ош облустарында. 13-19-июнда – 7 учур Бишкекте. 20-26-июнда – 29 жаңы учур. Анын ичинде: Бишкек шаарында – 21, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көлдө – 2, Ош облусунда – 1, Ош шаарында – 1.
Илдетке чалдыккандардын арасынан 1 адам ооруканага жаткырылган, абалы - орто оор. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда COVID-19дун 201 миң 53 учуру катталган. Анын 95 миң 405и - Бишкекте, 31 миң 256сы - Чүй облусунда катталган", - деп айтылат маалыматта.