SerepTV Logo

Кыргызстанда коронавирустун төрт түрү бар

Кыргызстанда коронавирустун төрт түрү бар
Кыргызстанда коронавирустун Британия (жаңы штамм), Индия, Түштүк Африка (эски түрү) жана Орусиядан келген түрлөрү бар. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Ооруп жаткан кыргызстандыктардын арасындагы COVID-19 штаммдарынын түрлөрү аныктоо боюнча терең филогенетикалык изилдөө Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалымдамалык лабораториясы жана Роспотребнадзордун "ВЕКТОР" (Новосибирск) вирусология жана эпидемиология боюнча мамлекеттик борбору тарабынан жүргүзүлгөн. Бардык маалыматтар лабораторияга 26-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Улуттук вирусологиялык лабораториясы тарабынан жөнөтүлгөн. Саламаттыкты сактоо министрлиги калкка профилактикалык чараларды так сактоону сунуштайт:
  • беткап тагынуу;
  • социалдык дистанцияны сактоо;
  • антисептиктерди колдонуу;
  • оорунун белгилери пайда болсо, дарыгерге кайрылуу;
  • өзүн-өзү дарылабоо.