Кыргызстанда коронавирустун британ штаммы аныкталды
Кыргыз мамлекетинде коронавирустун британ штаммы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Министрдин айтымында, Москвадагы лабораториядан келген анализдердин жыйынтыгы Кыргызстанда штаммдын бар экендигин тастыктаган. Улуу Британиядан чыккан оорунун жаңы түрү буга чейинки коронавируска салыштырмалуу бат жугат жана андан өлүм көп катталат.