Royal
SerepTV Logo

Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандар көбөйүүдө

Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандар көбөйүүдө
Кыргызстанда COVID-19 кайра көбөйүүдө. Мындай маалыматты Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинен билдиришти. 26-июндан 3-июлга чейинки бир жума аралыгында коронавирус менен жабыркаган 48 адам катталды. Анын арасынан 3өө ооруканада, орто оор абалда дарыланууда. Чет өлкөдөн келген, тагыраагы, Орусия, Түркия, Өзбекстан, АКШдан 9 адам катталган. Мурунку аптага салыштырмалуу акыркы аптада 19га көп коронавирус менен ооругандар аныкталды.