Кыргызстанда жалпысынан 16 миң 726 адам эмдөөдөн өттү
Кыргызстанда сутка ичинде 73 адам коронавируска каршы эмдөө алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка караганда, 24 сааттын ичинде Бишкекте 13, Ош шаарында 5, Чүй облусунда 32, Ысык-Көл облусунда 12, Талас облусунда 5, Баткенде 6 адам эмдөөдөн өткөн.
26-апрелге карата Кыргызстанда жалпысынан 16 миң 726 адам эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 389 адам вакцинанын 2-дозасын алышты.
Эмделгендердин аймактардагы саны:
- Бишкек - 1 930
- Ош шаары - 1 506
- Чүй - 2 103
- Ош облусу - 4 621
- Ысык-Көл - 1 383
- Талас - 661
- Нарын - 723
- Жалал-Абад - 2 888
- Баткен - 911.