Кыргызстанда жалпы 5 миң 280 адам вакцина алды
Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде 1 миң 473 адам эмделди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Анын ичинде Бишкекте — 628, Ош шаарында — 502, Чүй облусунда — 514, Ош облусунда — 2 миң 144, Ысык-Көлдө — 340, Талас облусунда — 20, Нарын облусунда — 456, Жалал-Абад облусунда — 564, Баткен облусунда — 112 адам вакцина алды.
Эмделгендердин жалпы саны өлкөдө 5 миң 280ге жетти.
Кытай Кыргызстанга 150 миң доза «Синофарм» вакцинасын берген. Ал 75 миң адамга жетет. Азыр биринчилерден болуп, мугалимдерди, дарыгерлерди, милиция кызматкерлерин эмдөө жүрүп жатат.