Royal
SerepTV Logo

Кыргызстанда эң узак иштеген директор кызматта 41 жыл отурган

Кыргызстанда эң узак иштеген директор кызматта 41 жыл отурган
Мектепте 41 жыл директор болуп иштегендер бар. Бул тууралуу маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов билдирди. "Биз баарын анализдегенбиз. Азыркы учурда аймактар боюнча тизме да бар. Бирок ар бир облус, райондо ошондой жетекчилер бар.  Эң максималдуу 41 жыл иштегендер бар",- деди ал. Ал ошондой эле быйыл 966 мектептин директорлугуна сынак жарыяланарын, 1211 директордун мөөнөтү жете электигин билдирди.