Кыргызстанда бүгүнкүгө чейин канча адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү?
Кыргызстанда акыркы суткада 328 адам коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми бүгүнкүгө чейин өлкөдө жалпы 2148 адамга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлдү.
Алар:
— Бишкек шаарында — 350 адам (соңку суткада 1 киши);
— Ош шаарында — 349 адам;
— Чүй облусунда — 239 адам (соңку суткада 194 киши);
— Ош облусунда — 724 адам (соңку суткада – 211 киши);
— Ысык-Көл облусунда — 119 адам;
— Баткен облусунда — 17 адам;
— Нарын облусунда — 310 адам (соңку суткада 67 киши);
- Жалал-Абадда - 40 адам (соңку суткада 28 киши);