SerepTV Logo

Кыргызстанда бүгүнкүгө чейин канча адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү?

Кыргызстанда бүгүнкүгө чейин канча адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү?
Кыргызстанда акыркы суткада 430 адам коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ал эми бүгүнкүгө чейин өлкөдө жалпы 1279 адамга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлдү. Алар: - Бишкек шаарында — 306 адам (соңку суткада – 64 киши); - Ош шаарында — 283 адам (соңку суткада – 10 киши); - Чүй облусунда — 151 адам (соңку суткада – 26 киши); - Ош облусунда — 319 адам (соңку суткада – 175 киши); - Ысык-Көл облусунда — 98 адам (соңку суткада – 34 киши) - Баткен облусунда — 11 адам (соңку суткада – 10 киши); - Нарын облусунда — 111 адам (соңку суткада – 111 киши).
edita