Кыргызстанда бүгүнкүгө чейин 2705 киши коронавируска каршы эмдөөдөн өттү
Кыргызстанда акыркы суткада 557 адам коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми бүгүнкүгө чейин өлкөдө жалпы 2705 адамга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлдү.
Алар:
- Бишкек шаарында — 403 адам (соңку суткада – 53 киши);
- Ош шаарында — 384 адам (соңку суткада – 35 киши);
- Чүй облусунда — 353 адам (соңку суткада – 114 киши);
- Ош облусунда — 892 адам (соңку суткада – 168 киши);
- Ысык-Көл облусунда — 142 адам (соңку суткада – 23 киши);
- Баткен облусунда — 39 адам (соңку суткада – 22 киши);
- Нарын облусунда — 341 адам (соңку суткада – 31 киши).
- Жалал-Абад облусунда — 151 адам (соңку суткада – 111 киши).