Royal
SerepTV Logo

Кыргызстанда бензин бир аз арзандап, дизель кымбаттады

Кыргызстанда бензин бир аз арзандап, дизель кымбаттады
Кыргызстанда бензиндин бир аз арзандашы байкалды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти. Маалыматка караганда, арзандоо июль айында байкалган. Июнь айында АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы литрине 66,16 сом болсо, июль айында 65,82 сомду түзгөн. Бирок Баткен облусунда бир литр бензиндин баасы 70 сомдон ашат. Ай ичинде АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы литрине 62,52 сомдон 61,83 сомго арзандады. Баткен облусунда баалар 66 сомдон жогору. Ошол эле маалда дизель майы кымбаттады. Июнь айында дизель майынын литри орто эсеп менен 64,64 сом болсо, июль айында 65,84 сомду түзгөн. Баткен облусунун айрым райондорунда дизелдик отундун баасы дээрлик 70 сомго чейин кымбаттаган. "Акыркы бир жарым жылда өлкөдө күйүүчү майдын баасы эки эсе кымбаттады. 2021-жылдын январында АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 35 сом болгон. Биржалардагы мунайдын кымбатташына Украинадагы согуш жана Орусияга каршы санкциялардын киргизилишинен улам доллардын курсунун олку-солкусу таасир этти", - деп айтылат маалыматта.