SerepTV Logo

Кыргызстанда балдарды полиомиелитке каршы эмдөө башталды

Кыргызстанда балдарды полиомиелитке каршы эмдөө башталды
Кыргызстанда балдарды полиомиелитке каршы эмдөө өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда өнөктүк 19-апрелден 19-майга чейин уланып, вакцинаны 2016-жылдын 1-апрелинен 2018-жылдын 15-февралына чейин төрөлгөн балдар алышат. Эмдөө акысыз жүргүзүлөт. Министрлик бул өнөктүктүн максаты эмдөөнү өткөрүп жиберген балдардын 95 пайызын эмдөө экендигин белгиледи. 270 миңден ашуун баланы эмдөө пландалууда. Полиомиелит — инфекциялык оору, вирустар аркылуу жугат. Балдардын нерв системасын жабыркатып, шал оорусуна алып келет. Буга чейин ДССУ Тажикстанда полиомиелит оорусунун козголгонун билдирген эле.
edita