Кыргызстанда 23-апрелге карата 14 миң 861 адам эмделди
Кыргызстанда акыркы суткада 1 407 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, акыркы 24 саатта Бишкек шаарында 305 адам эмделди, Ош шаарында - 239, Чүй облусунда - 217, Ош облусунда - 141, Ысык-Көл облусунда - 94, Талас облусунда - 98, Нарын облусунда - 46, Жалал-Абадда - 186, Баткенде 81 адам эмделген.
Жалпысынан Кыргызстанда 23-апрелге карата 14 миң 861 адам эмделди, алардын ичинен 276 адам вакцинанын экинчи дозасын алды.