Кыргызстан менен Тажикстан "Кожалы-Ворух" жолун курууну макулдашышканбы?
Тажикстандын "Ховар" улуттук маалымат агенттиги 1-2-майдагы кыргыз-тажик чек арасындагы эки өлкөнүн өкмөтү тарабынан чек араны делимитация, демаркация боюнча сүйлөшүүлөрдө эмне маалымат камтылганын жазып чыкты. Маалыматка караганда, Кыргызстан менен Тажикстан "Кожалы-Ворух" жолун курууну макулдашышкан. Тактап айтканда, тараптар чек ара сызыгын такташууну Ворух тилкесиндеги Танги (Капчыгай) конушунун чыгыш тарабын айланып өтүүчү Ходжаи Аъло-Ворух унаа жолунун курулушу аяктагандан кийин жүргүзүүнү макулдашышкан.
"Бул жолдун курулушун тез арада баштоо үчүн топографиялык жумушчу топторго, долбоорлоо уюмдары менен биргеликте, 2021-жылдын 1-июнуна чейин Баткен облусунун практикалык пайдалануу жерлеринде аталган тилкесиндеги талаада иштерди жүргүзүү тапшырылды", - деп жазылат маалыматта.
Мындан улам, соцтармактын колдонуучулары "Ворух анклавына ошондо коридор берилдиби?" деп суроо салышууда.