SerepTV Logo

Кыргызстан аффинаждалган куйма түрүндөгү алтынды Малазияга сатат

Кыргызстан аффинаждалган куйма түрүндөгү алтынды Малазияга сатат
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында Куала-Лумпур шаарында Малайзиянын бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушту.

Садыр Жапаровдун катышуусунда бир катар документтерге кол коюлду:

- Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемеси менен «AviaDinamika» компаниясынын Кыргыз Республикасында эт халал-паркын курууга инвестиция тартуу боюнча биргелешкен ишмердүүлүгү жөнүндө меморандум;

- «Кыргызалтын» менен «Public Gold Marketing Sdn. Bhd.» компаниясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

- «Кыргызалтын» ААКсы менен «Public Gold Marketing Sdn. Bhd.» компаниясынын ортосундагы аффинаждалган өлчөнгөн куйма түрүндөгү алтынды сатып алуу-сатуу келишими;

- Энергетика министрлиги менен «CitaGlobal Berhad» компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемеси менен «PLATINUM GREENHAVEN (M) SDN BHD» компаниясынын ортосунда Кыргыз Республикасында халал-индустриясын өнүктүрүү боюнча мүмкүн болгон биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

- Бишкек шаары менен Куала-Лумпур шаарынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум (Ниет каттары менен алмашуу).

edita