SerepTV Logo

"Кыргыздар тарабынан эч кандай кыймыл болбой жатат" дейт Лейлектин тургуну

"Кыргыздар тарабынан эч кандай кыймыл болбой жатат" дейт Лейлектин тургуну
Баткендеги абал басаңдабай эле күчөөдө. Бул тууралуу Лейлектин Маргун айылынын тургуну Дөөлөтбек Саалибаев билдирди. "Арка-1, Арка-2, Достук, Жаштык айылында жаштар калып, жашоочулары башка айылга чыгарылып, тууганы барлар туугандарынын үйүндө турушат. Атышуулар маал-маалы менен болуп жатат. Тажик тарапта 200 БТР бар деп жатышат, ал эми бизде 10 эле БТР бар. Кыргыздар тарабынан кыймыл болбой эле. Көчүрүлгөн айыл жашоочулары кыйналып, тамак-аштар эл тарабынан берилүүдө. Гумжардамдар аз эле келип жатат. Кечинде тажиктер кол салышы мүмкүн деген коркунуч бар", - деди ал.
Unknown Author