Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча медиа штаб түзүлдү
Бишкек шаарында кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маалыматтарды координациялаган медиа штаб иштеп баштады. Ал президенттин аппараты тарабынан башкарылып, 24 саат бою иштейт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Медиа штабдын негизги максаты — ЖМКларды, коомчулукту жана дүйнөлүк коомчулукту такталган, бирдиктүү, ыкчам маалымат менен камсыздоо. Медиа штабдын базасында журналисттердин, эксперттердин жана блогерлердин иши үчүн шарттар түзүлдү. Медиа штабда мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жана эксперттердин катышуусундагы маалымат жыйындар өткөрүлүп турат.