Чек арадагы жаңжалдан улам жабыркагандардын саны 8 кишиге жетти
Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам ооруканага дагы 4 адам келип түштү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам ушул саатка чейин 8 Кыргыз жараны ооруканага кайрылды. Бир адам үйдөн дарыланууга жөнөтүлүп, экөө Самаркандек жалпы дарыгерлик практика борборуна жаткырылды. Алардын абалы канааттандырарлык. Дагы бирөө Лейлек жалпы дарыгерлик практика борборуна жеткирилди, анын абалы орто оор. Калган 4 бейтап Баткен облустук ооруканасына жаткырылды.