SerepTV Logo

Кыргыз-тажик чек арасында эки тарап бири-бирине таш ыргытышууда (видео)

Кыргыз-тажик чек арасында эки тарап бири-бирине таш ыргытышууда (видео)

Жергиликтүү тургундар Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында чогулуп, бири-бирине таш ыргытышууда. Бул тууралуу Көк-Таш айылынын тургундары 24.kg маалымат агенттигине билдиришкен. 

Алардын айтымында, эки тараптан болжол менен 30-40 адам чогулган.

«Бүгүн Тажикстан видео көзөмөл камерасын Головной суу бөлүштүргүчүнүн жанындагы электр мамыга орнотууга аракет кылды. Эл чек арага чогулушту. Азыр бири-бирине таш ыргытып жатышат. Бизде бир жабырлануучу бар», - деп билдиришкен окуянын очогунда турган айыл тургундары.

https://youtu.be/lzwrjg0Dcm0