SerepTV Logo

Кыргыз-тажик чек арасында милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Кыргыз-тажик чек арасында милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аймагында милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен билдиришти. Бүгүн таңга маал Көк-Таш айылынын борборунда тажик тарап курал колдонгон. Мекеменин маалыматына караганда, азыркы учурда милиция кызматкерлери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аймагында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн чечими менен үч айыл аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Тажикстан менен чектешкен чек арада чыңалуу бар. 29-апрель күнү эртең менен саат 04:45 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө Тажикстандын жарандары тарабынан ок атуучу курал менен октор атылып, ошол айыл аркылуу өтүүчү жолдон өткөн автоунааларга таштар ыргытылып баштаган. Бул фактылар Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) жана 39/130-беренеси (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ишке алынган.
Unknown Author