SerepTV Logo

Кечээ жана бүгүн кыргыз-тажик чек арасында жаңжалдан жабыркагандардын саны 4 адамга жетти

Кечээ жана бүгүн кыргыз-тажик чек арасында жаңжалдан жабыркагандардын саны 4 адамга жетти
Кыргыз-тажик чек арасындагы видеокамераларды орнотуудан келип чыккан эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы жаңжалдан жабыркагандардын саны 4 адамга жетти. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылынын 2 тургунунун, Самаркандек айылынын 1 тургунунун денелерине таш тийип, жергиликтүү айылдык ооруканага кайрылган. "Денесинен жараат алган жарандарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Жогорудагы башаламандык Баткен РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 264-беренеси (массалык башаламандык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды", - деп айтылат маалыматта. Ал эми бүгүн, 29-апрелде таңкы саат 05:45 чамасында тажик тараптан ок атуу болду. Анын кесепетинен 30 жаштагы жарандын оң көзүнө ок тийген. Жабыркаган жаран жергиликтүү ооруканага жаткырылды.