SerepTV Logo

Бир Кыргыз жараны каза таап, 30у жаракат алды. Чек ара жаңжалы боюнча саат 20:00гө карата алынган маалымат

Бир Кыргыз жараны каза таап, 30у жаракат алды. Чек ара жаңжалы боюнча саат 20:00гө карата алынган маалымат
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен саат 20:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан жаракат алгандар тууралуу маалымат беришти. Маалыматка ылайык, жалпы жаракат алгандардын саны 30 адам, 1 киши каза тапты, бирөөнө амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Учурда 29 адам ар кандай жаракаттар менен Баткен облусундагы ооруканада. Буга чейин 2 киши каза болгону маалымдалган эле. Бирок бул маалымат тастыкталган жок.
Unknown Author