SerepTV Logo

Премьер-министр Улукбек Марипов чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча кеңешме өткөрдү

Премьер-министр Улукбек Марипов чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча кеңешме өткөрдү
Премьер-министр Улукбек Марипов кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышкан жыйындын жүрүшүндө, аймактагы кырдаал туруктуу деп бааланып жатканы айтылды. Премьер-министр биринчи кезекте жергиликтүү калкты эң керектүү буюмдар, дары-дармектер жана гигиена каражаттары менен камсыз кылып, кам көрүү керектигин айтты. Алардын үзгүлтүксүз камсыздалышы керектигин баса белгиледи. Ошондой эле, ал Баткен облусунун жашоочуларына жардам көрсөтүү максатында өкмөт тарабынан түзүлгөн “Баткенге жардам” штабынын алкагында, жакынкы аралыкта Баткен облусуна гуманитардык жүктөрдүн партиясы жөнөтүлө тургандыгын кошумчалады.
Unknown Author