SerepTV Logo

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат
Кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан "Торугарт-автожол" жана "Эркечтам-автожол" өткөрмө пункттары 1-майдан 4-майга чейин жабылат. Мындай тартип Кытайдагы “Эмгек” майрамына байланыштуу киргизилип жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты. Торугарт жана Эркечтам жолдорундагы кыймыл 5-майдан тартып жанданат. Кыргыз-кытай чек арасы адатта Курман айт, Жаңы жыл майрамдарында жана Кытайдын улуттук майрам-мааракелеринде жыл сайын жабылып турат.
Unknown Author