SerepTV Logo

Кылычбек Султан Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп дайындалды

Кылычбек Султан Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп дайындалды
Кылычбек Султан Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Кылычбек Султан - «Супер-Инфо», «Супер.кг», SuperTV, СЕРЕП МЕДИА ММКларынын негиздөөчүсү. 2012-2013-жылы социалдык өнүктүрүү министри болуп эмгектенген. 2014-2016-жылдары Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болгон. 2017-жылдын октябрында Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп дайындалып, 2018-жылы кызматынан бошотулган.  Буга чейин Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси, министрдин кеңешчиси болуп дайындалып, иштеп жаткан. 2023-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган.
edita