Кылычбек Султан: "Эгер бийлик адилетсиз болсо, андай бийлик менен күрөшүү - бул адал иш"
Эгер бийлик адилетсиз болсо, андай бийлик менен күрөшүү - бул адал иш. Бул тууралуу мурдагы элчи Кылычбек Султан социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Эгерде бийлик адилетсиз, коррупциялашкан болсо, андай бийликти тааныбоо, андай бийлик менен күрөшүү - бул адал иш", - деп жазды ал. Мурдагы элчи бул билдирүүсүн 3 жыл мурда жазганын жана өнүккөн өлкө болуунун рецеби дайыма актуалдуу экенин кошумчалады.