"Кыйынчылыкта да бирге болуш керек" дейт төшөктө жатып калган жубайын баккан киши
Бул жолку каарманыбыз 60 жаштагы Камчыбек Момункулов. Ал 7 жылдан ашык убакыттан бери төшөктө жатып калган жубайын багып келет. 24 саат бою жубайынын жанынан чыкпаган Момункулов анын тамак-ашын берет, жуунтат, сүйлөшөт, сейилдетет... Ал бул видеодо жубайына болгон сүйүүсү, камы тууралуу айтып берди.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер: О!Деньги: 0704 26 66 07 Мбанк: 0704 22 56 33 Банктык эсеп: 1032 9202 0367 7277 (Элмира Аскарова).
"1997-жылы кыз төрөгөндө катуу ооруп калды. Дарыгерлер көрүп, операция кылыш керек дешти. Эмне болгонун өзүбүз да түшүнбөй калдык. Колуман келишинче жакшы көргөн тамактарын жасаганга аракет кылам. 1 айда бир жолу жакшы жуундурабыз, ал эми башын жума сайын жууп турабыз", - дейт ал.
"Биз жаш кезибизде баш коштук. 3 бала төрөп берди. Неберелүү болуп калдык. Ооруганда кантип таштап кетем. Кыйынчылыкта да бирге болуш керек. Мен жигиттерге ушуну айткым келет", - дейт ал.