Abank
SerepTV Logo

Күйөөсүнөн зомбулук көргөн келин: "Күйөөм мени 3 жыл бою сабап келген"

Күйөөсүнөн зомбулук көргөн келин: "Күйөөм мени 3 жыл бою сабап келген"
Бишкекте 25 жаштагы Мадина Исакова күйөөсүнөн зомбулук көрүп келгенин жана аны коргойм деген агасы камалып, кордогон күйөөсү эркиндикте жүргөнүн айтат. "Жолдошум чогуу жашаган 3 жыл аралыгында мени сабап келген. Акыркы сабалган күнү мен баламды уктатып жаткам, ал ашканада болчу. Ашкананын жарыгы бизге тийип, баламды уктатканга тоскоол болгонунан жарыкты өчүрүп койчу деп сурангам. Ал өчүрбөй, ошонун айынан уруша кетип мени сабап салды.  Жолдошум эч жерде иштечү эмес. Мен кесибим боюнча врач-проктологмун. Пациенттерге капельница коюп, консультация кылып акча таап, баарын өзүм каржылачумун. Күйөөм мени ким менен жолуктуң деп жемелеп, кордоп, психологиялык басым жасап келген. Ал атамдын мага деп алып берген сыналгы, муздаткыч жана башка буюмдарды, жадакалса кийимдериме чейин сатып жиберчү", - дейт жабырлануучу.