SerepTV Logo

"Күбөнү табышкан экен. Мен эч нерсе көргөн эмесмин да". Депутат Дастан Бекешев ИИМде сурак берип чыкты

"Күбөнү табышкан экен. Мен эч нерсе көргөн эмесмин да". Депутат Дастан Бекешев ИИМде сурак берип чыкты
Депутат Дастан Бекешев 9-октябрдагы башаламандык боюнча ИИМге суракка чакырылганын билдирген эле. Анын айтымында, укук коргоо органдары эки – 5-6-октябрдагы жана 9-октябрдагы баш аламандыктар боюнча кылмыш ишин карап жатышат. "Бүгүн 9-октябрдагы окуялар боюнча суракка бардым. 5-6-октябрь күндөрдөгү окуялар боюнча да чакырабыз дешти. Ачыгын айтканда, мендей күбө таап алышканына жылмайдым. Мен эч нерсе көргөн эмесмин да. Керек болсо, күлүп да жибердим", - деди эл өкүлү. Анын айтымында, ошол күнү аянтка барган бир катар саясатчылар суракка чакырылат.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 5-6-октябрында парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууга багытталган митингдер болгон. Андан кийин башаламандык башталган. 6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп таап, жокко чыгарууга аргасыз болгон. Камакка алынган бир катар саясатчылар абактан бошотулган.

9-октябрда Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары кезектеги митингди жарыялашкан. Аянтта Садыр Жапаровдун тарапташтары менен өлкөнүн экс-президентинин тарапташтарынын ортосунда чыр чыккан.

Кийинчерээк УКМК менен Ички иштер министрлиги алардын көпчүлүгүн, анын ичинде Алмазбек Атамбаевди, активист Темирлан Султанбековду, Фарид Ниязовду, Канат Сагымбаевди, Ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановду кармашкан. Айрымдары ушул күнгө чейин камакта. Айрымдары үй камагында.

 
edita