SerepTV Logo

Курсан Асанов үй камагына чыгарылды

Курсан Асанов үй камагына чыгарылды
ИИМ жетекчисинин мурунку орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү.  Бул тууралуу Сереп Медиа агенттигине Бишкек шаардык сотунан билдиришти. Бүгүн, 12-апрелде Бишкек шаардык сотунун чечими менен ал үй камагына чыгарылды. ИИМ жетекчисинин мурунку орун басары Курсан Асанов 26-январда «Имаратты жана курулуштарды басып алуу» беренеси менен кармалган. Аны былтыркы октябрь окуяларында ИИМ имаратын басып алууга шектеп жатышат. Биринчи Май райондук соту генерал-майорду 26-мартка чейин камакта калтырган. Буга чейин да Асанов 5-октябрда массалык башаламандыктарды уюштуруу боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында кармалган болчу. Кийин аны прокурордун өтүнүчү менен үй камагына чыгарышкан. Асанов ошондой эле Кой-Таш окуялары боюнча кылмыш иштин фигуранты.
Unknown Author