SerepTV Logo

"Социал-демократтар" шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылат

"Социал-демократтар" шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылат
11-апрелде шайлоонун алгачкы жыйынтыгы жарыялангандан кийин "Социал-демократтар" партиясынын  бир нече мүчөсү Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар шайлоо таза өтпөгөнүн айтып, анын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты. Партиянын Бишкек шаардык кеңешине талапкер болгон Темирлан Султанбеков «Эмгек», «Ынтымак», «Ак Бата» жана НДПК партияларын "добуш сатып алган" деп айыптады. Жаш саясатчы бул партиялардын добуштарын жокко чыгарып, калган добуштарды кайрадан эсептеш керек деген оюн билдирди.

«Бир нече саатка жетпей Нариман Түлеев мэрликке көрсөтүлүп жатат. Аскар Салымбеков деген ким? Ал депутаттыкка талапкер эмес, жөн гана “Эмгек” партиясынын ээси”, - деди Темирлан Султанбеков.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоо өттү. Аны менен кошо Конституциянын жаңы долбоору жалпы элдик добуш берүүгө коюлду.
edita