«Крокус сити холлдогу» ок чыгаруу: Садыр Жапаров Владимир Путинге көңүл айтты
Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинге Москвадагы терактка байланыштуу телеграмма жолдоду.
"Жеке менин жана кыргыз элинин атынан чын дилимден көңүл айтам жана 22-мартта "Крокус сити холлдо" көп сандаган адам курмандыктарына алып келген атышууда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтууну өтүнөм.
Бул кылмышты кескин айыптап, биз бул жамандык менен натыйжалуу күрөшүүгө багытталган күч-аракеттерди колдой тургандыгыбызды билдиребиз жана эл аралык терроризмге каршы күрөштө дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүнү жактайбыз», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.