"Коронавирустан 1-2 күндө айыктырат". Садыр Жапаров уу коргошунду жарнамалады
Президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасында Кыргызстанда коронавирусту 1-2 күндө айыктыра турган дары табылганын билдирди. Кечээ «кызыл зонага» барганын айткан өлкө башчы көпчүлүк жарандар үйдө жатып, оору өтүшүп кеткенде гана ооруканага кайрылып жатканын белгиледи.
«Оору башталганда барсаңыздар дарыгерлер коронавирусту бир же эки күндүн ичинде таптаза айыктырып чыгарып жибере турган дары таап алышты. (Видеоматериалдан дарысын билсеңиздер болот). Ошондуктан өз ден-соолугуңарга кайдыгер карабай дароо райондук же шаардык ооруканаларга кайрылгыла. Тез эле айыгып чыгасыздар. Мен кыдырган «кызыл зонадагылардын» дээрлик баардыгы үйлөрүндө жата беришип, күчөп кеткенде келишкен. Албетте, оор акыбалда жандандыруу бөлүмдөрүндө жатышат. Анан, эң негизгиси, кайдыгер болбой вакцина алгыла. Райондордун борборлоруна, облустук ооруканаларга, Бишкек шаарында жайгашкан вакцинация жасай турган жайларга барып, эмдөөдөн өткүлө. Бүгүнкү күндө республика боюнча болгону 4000 жаран вакцинация алыптыр. Өтө кайдыгерлик», - деп жазды президент.
Ал ошондой эле кокус оору күчөп кетип, ал жетпей бара жатса, карантин киргизүүгө туура келерин кошумчалады.
Ал билдирүүсүнө коронавирустун "дарысын" бөтөлкөлөргө куюу процессинен тасма жүктөгөн.
[video width="640" height="640" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/04/716202143_172963982_208514654001038_7348358350647610306_n.mp4"][/video]