SerepTV Logo

Коронавируска каршы эмдөө алгандардын саны 23 миңден ашты

Коронавируска каршы эмдөө алгандардын саны 23 миңден ашты
Бүгүн, 29-апрелге карата өлкө боюнча жалпы 3 221 адам коронавируска каршы эмдөө алды. Алардын ичинен 55 адамга вакцинанын 2-дозасы сайылды. Жалпы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 23 миң 624 адамга жетти.
29-мартта өлкөдө Кытайдан келген "Sinopfarm" вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Кытай вакцинасын эки этап менен алуу каралган. Биринчилерден болуп cаламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделген. Учурда бул вакцина бардык каалоочуларга сайылууда. 22-апрелде Кыргызстанга Орусияда өндүрүлгөн «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы келген. «Спутник V» вакцинасын алгачкылардан болуп Кыргыз Республикасынын Баатыры, эмгек сиңирген дарыгери, хирург Мамбет Мамакеев алган. Орусиялык «Спутник V» вакцинасын 65 жаштан жогору курактагылар алат.
Unknown Author