SerepTV Logo

Коронавирус 6 адамдын өмүрүн алды. Соңку сутка ичиндеги статистика

Коронавирус 6 адамдын өмүрүн алды. Соңку сутка ичиндеги статистика
Акыркы сутка ичинде коронавирус илдети 212 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Аймактарга алып карасак, Бишкекте 152, Чүй облусунда 22, Ош шаарында 4, Ош облусунда 2, Ысык-Көлдө 18, Жалал-Абадда 2, Нарында 12 киши ооруну жуктуруп алганы аныкталды. Коронавирус катталгандан бери өлкөдөгү жалпы көрсөткүч 92 миң 95 адамга жетти.
Ал эми акыркы сутка ичинде 6 киши каза болду. Алардын ичинен экөө Бишкек шаарында, төртөө Чүй облусунда катталган. Ошентип оорудан жакшы боло албай көз жумгандардын жалпы саны 1 миң 555 кишиге жетти.
edita