SerepTV Logo

Коронавирус 4 адамдын өмүрүн алды. Соңку сутка ичиндеги статистика

Коронавирус 4 адамдын өмүрүн алды. Соңку сутка ичиндеги статистика
Акыркы сутка ичинде коронавирус илдети 306 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Аймактарга алып карасак, Бишкекте 203, Чүй облусунда 52, Ош шаарында 5, Ош облусунда 11, Ысык-Көлдө 16, Жалал-Абадда 10, Нарында 4, Таласта 1, Баткенде 4 киши ооруну жуктуруп алганы аныкталды. Коронавирус катталгандан бери өлкөдөгү жалпы көрсөткүч 92 миң 626 адамга жетти.
Ал эми акыркы сутка ичинде 4 киши каза болду. Алардын ичинен экөө Бишкек шаарында, экөө Чүй облусунда катталган. Ошентип оорудан жакшы боло албай көз жумгандардын жалпы саны 1 миң 561 кишиге жетти.
edita