SerepTV Logo

Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев акталды

Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев акталды
Жогорку сот учурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиевдин ишине чекит койду. Жогорку соттон кабарлашкандай, министрге карата Бишкек шаардык сотунун чечими жокко чыгарылып, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Эске салсак, март айында Бишкек шаардык соту Өмүралиевдин ишин карап, буга чейинки райондук соттун чечимин жокко чыгарып, беш миллион сом айыпка жыккан. Ал 2011-2014-жылдары коргоо министри болуп турган кезде мамлекеттен бөлүнгөн каражатты максатсыз жумшаган деп айыпталган. Мындан башка дагы 10 фигурант акталган. Алардын арасында Генералдык штабдын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Жаныбек Капаров дагы бар. Жогорку соттун чечими акыркы болуп саналат жана кайра даттанууга жатпайт.