SerepTV Logo

Коопсуздук кеңеши: "Митингге чыккандардын курал берүү талаптарын аткаруу мүмкүн эмес"

Коопсуздук кеңеши: "Митингге чыккандардын курал берүү талаптарын аткаруу мүмкүн эмес"
Бишкек шаарындагы Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккандар Баткен облусундагы чек араны коргоо үчүн аларга курал-жарак берүүнү талап кылышууда. Ал эми Коопсуздук кеңешинин катчылыгы мындай талаптарды аткаруу мүмкүн эместигин, анткени мындай иш оор кесепеттерге алып келерин белгиледи. "Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү уланууда. Ошондой эле чек ара түзүмдөрүнүн эки жетекчиси Тажикстандын аймагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат",- деп айтылат маалыматта.