Көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кызга жаназа окулду. Аны издөө иштери токтотулду
Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кызга 12-августта жаназа окулду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кыздын атасы билдирди.
"Жума күнү мечитте жаназа-намаз окулду",- деди ал.
Редакция ӨКМ менен байланышканыбызда, кызды издөө иштери токтотулганын билдиришти. 18-июль күнү Ысык-Көл районунда 4 жаштагы кыз сууга чөгүп кеткен" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/ysyk-koldo-4-jashtagy-kyz-suuga-chogyp-ketti/">кеткен. Ушул убакка чейин кыздын сөөгү табыла элек.