Кинорежиссер Геннадий Базаров ооруканадан чыгарылды
Кинорежиссер Геннадий Базаров дарылануудан кийин ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу президенттин жана өкмөт аппаратынын клиникалык ооруканасынан билдиришти.
Базаров 2-3 жума мурун ооруканадан чыгарылган. Ал ооруканага 9-мартта түшкөн. Дарыгерлер кинорежиссердун диагнозун айтышкан эмес.
Геннадий Базаров - кинорежиссер жана сценарист, Кыргыз Эл артисти. Ал 1942-жылы 14-майда төрөлгөн.