Royal
SerepTV Logo

Бишкек алдыда, Баткен менен Чүй артта. 80 окуучу артыкчылык аттестатын алат

Бишкек алдыда, Баткен менен Чүй артта. 80 окуучу артыкчылык аттестатын алат
80 окуучу артыкчылык аттестатын алары маалым болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. 2021-2022-окуу жылында “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын жыйынтыгы боюнча 80 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алуу укугун ырастады.
Алар:
Баткен облусу - 3 окуучу
Бишкек шаары - 37 окуучу
Жалал-Абад облусу - 11 окуучу
Нарын облусу - 1 окуучу
Ош шаары - 3 окуучу
Ош облусу - 15 окуучу
Талас облусу - 3 окуучу
Чүй облусу - 1 окуучу
Ысык-Көл облусу - 6 окуучу