Кемпир-Абадга чогулган элге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барды
Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгине чогулган өзгөндүктөргө жолугуу үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келди. Бул тууралуу Сереп Медиа агенттигине райондун акими Руслан Мейматкулов билдирди.
Анын айтымында, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен бирге Өзбекстанга барып келген делегация мүчөлөрү келип, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.
«Абал тынч эле. Элүүдөй киши топтолуптур, 3 боз үй тигилип турат. Азыр делегация мүчөлөрү жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берип, суроо-жооп болуп жатат. Жергиликтүүлөр баарын мурункудай эле калтырууну талап кылышууда. Бул жерде азыр Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, Өзгөн районунун «Кадастр» мекемесинин башчысы, РИИБ жетекчиси жүрөт», -деди ал.
Эскерте кетсек, 17-апрелден бери жергиликтүү тургундар Кемпир-Абад суу сактагычынын боюнан Өзбекстанга жер берилип кетишине нааразы болуп чыгып жатышат.