Кемпир-Абаддын боюнан өзбектерге жер берилишине каршы митинг башталды
Кемпир-Абад суу сактагычынын боюнан Өзбекстанга жер берүүгө каршы митинг башталды. Бул тууралуу @bashtan_bashta Телеграм-каналы жазып, жеринен тасма жарыялады.
Анда боз үйдүн жанында 20 чакты аял-эркек отурганын көрүүгө болот.
Алар Кемпир-Абад суу сактагычынын боюнан Өзбекстанга жер берүүгө каршы экендиктерин билдирип, маселе чечилмейинче кетпей тургандыктарын айтышты.
Алар президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылышууда.
«Биз аларга ишенип, Кыргызстанды оңдойт деп шайлаганбыз. Келишсин, келип көрүшсүн», - дешет алар.
[video width="234" height="426" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/04/171979491_567398070891013_2746027488548251679_n.mp4"][/video]