Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 28-апрелде эл дагы чогулат
Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 28-апрелде эл дагы чогулат. Бул тууралуу бүгүн уюштуруучулардын бири айтты. "28-апрелде Камчыбек Ташиевди суу сактагычтын жээк боюна ооз ачарга чакырабыз. Чек ара боюнча башка суроолорду да беребиз", - деди ал.
Бүгүн, 25-апрелде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев: «Кемпир-Абадды бербейбиз, ушул бойдон калсын деп жатасыңар, туурабы? Макул. Бул каалоону четке кага албайбыз. Суу сактагычты бербейбиз дедиңерби, демек, бербейбиз», - деди ал.