SerepTV Logo

Кемпир-Абад боюнча жолугушуудагы чатак. Милиция окуянын чоо-жайын түшүндүрдү

Кемпир-Абад боюнча жолугушуудагы чатак. Милиция окуянын чоо-жайын түшүндүрдү
Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагынын стадионунда болгон чатак тууралуу Ош облустук милициясы маалымат таратты. Кечээ, 25-апрель күнү саат 12:00 чамасында Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагынын борбордук стадионунда Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин эл менен жолугушуусу болгон. Анын алдында, тактап айтканда 11:45 чамасында Куршаб айыл аймагынын борбордук стадионунда мушташуу болду деп маалыматтар соцтармактарда кеңири тараган. Ош ОИИББ бул билдирүү Өзгөн РИИБдин Маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя териштирилгенин билдирди. «Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагынын борбордук стадионунда болгон окуяны текшерүү учурунда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Барпы айылынын 30 жаштагы тургуну Акниет Кеңешов менен Өзгөн районунун Кароол айыл аймагынын Мырза-Арык айылынын 36 жаштагы тургуну Мирлан Ураимов өз ара пикир келишпестиктен сөз талашып айтыша кеткен. Ошол жерде турган Өзгөн РИИБдин милиция кызматкерлери экөөнү ажыратып, стадионго келген эл тынчтандырылды. Жогорудагы эки жаранга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бири-бирине арыз доосу жоктугуна байланыштуу коё берилди», - дешет милициядан.
Unknown Author