SerepTV Logo

Казынада каражат жокпу? Бишкекте пенсионерлер акча ала албай жатышат

Казынада каражат жокпу? Бишкекте пенсионерлер акча ала албай жатышат
Бишкекте пенсионерлерге пенсия бербей жатышат. Бул тууралуу Сереп Медиа маалымат агенттигине өздүк булактар билдиришти. Шаар тургунунун айтымында, кечээ пенсиясын алуу үчүн почта бөлүмдөрүнүн бирине барган. «Ичинде мага окшоп, пенсия алууга келгендер толуп калыптыр. Бирок баарыбызга «акча жок, кеткиле» деп коюшту», - деди ал. Маалыматты тактоо үчүн Соцфонд менен байланышууга азырынча мүмкүн болбой жатат.
Unknown Author