Казакстандын президенти Токаев Баткенде курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 1-майда телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Телефон аркылуу сүйлөшүү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен ишке ашты. Баарлашуунун жүрүшүндө Касым-Жомарт Токаев чек арадагы жаңжалды тынчтык жолу менен ынак коңшулук, өнөктөштүк жана боордоштук маанайда жөнгө салуунун маанисин баса белгиледи.