Казакстандагы суу ташкыны. Кыргызстандын "Жардам кербени" 1 миң чакырымдан ашуун жол жүрдү (видео)
6-апрелде Кыргызстан суу каптоодон жабыр тарткан казак элине гуманитардык жардам жөнөткөн." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/kazakstandagy-suu-tashkyny-kyrgyzstan-300-tonna-gumjardam-jonotty/">жөнөткөн. ӨКМ "Жардам кербени" 1 миң чакырымдан ашуун жол жүргөнүн билдирди.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жалпы 300 тонна гумжардам даярдалган.
Суу каптоодон жабыр тарткан Казакстандын калкына күрүч, кумшекер, кесме, таттуу азыктары, кийим-кече, электр буюмдары, матрас жана чатырлар жеткирилет. Өлкөнүн атынан кетип жаткан гумжардам кербени ӨКМ тарабынан ишке ашат.
width="267" height="476" frameborder="0" scrolling="no" allowfullscreen="allowfullscreen">